Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/1
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун кароо жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө мэр Н.Э.Тажибаевдин отчетун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-берененин 2-6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылсын.
2. Мэрияга бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |