Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/2
Гүлчө шаарына караштуу Чыйырчык ашуусундагы жайыт жерге «Альфа-Телеком» жабык акционердик коомуна байланыш базалык станциясын жайгаштырууга 16 чарчы метр жер тилкесин убактылуу ижарага макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 6-пунктуна ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде жер реформасы, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыйырчык участкасынан 16 чарчы метр жер тилкесин «Альфа-Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомуна байланыш базалык станциясын жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен кабыл алынган токтомдун негизинде юридикалык документтерин тактап, даярдап, аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |