Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/3
Гүлчө дарыясынын жээгине дамба куруу үчүн шаардык кеңештин макулдугу жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 2-отурумунда, мэр Н.Э.Тажибаевдин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 2026-жылга карата даяр болгон эскиз долбоору боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1- пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу Гүлчө дарыясынын оң жак жээгинде жайгашкан Ыр-Кесе участкасынан 410 м, Алымбек датка эс алуу жайындагы участкасынан 758 м, А.Мамытов атындагы борбордук стадион участкасынан 102 м, «Гүлчө Автобекет» участкасынан борбордук базарга чейин 465,0 м, жалпы 1735,0 м аралыктагы Гүлчө дарыясынын жээгине дамба куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |