Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/4
Гүлчө шаарына караштуу Октябрь участкасынын аталышын “Кум-Бел” же Рыспай Жапышев атындагы участкасы деп өзгөртүү жөнүндө
Мамлекет тарабынан мурдагы орусча аталыштагы айылдарды кыргыз тилиндеги аталышка өткөрүү боюнча оозеки тапшырмасына ылайык, баяндамачы Э.Кадырованын 05.02.2026. Октябрь айылындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесиндеги калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга, мекеме ишканаларга, ж.б. объектилерге ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы оозеки тапшырмага жана элдик жыйындын протоколуна, атайын Жобонун талаптарына ылайык, Октябрь участкасы - Социалдык Эмгектин Баатыры, Октябрь айылынын тургуну, маркум Рыспай Жапышев атындагы участкасы болуп өзгөртүлсүн.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кенешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |