Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/5
Гүлчө шаарынын социалдык-өнүгүүсүнө жана элдин жашоо-шартын жакшыртууда кошкон зор салымы үчүн Гүлчө шаарынын тургуну Примов Бердибай Примовичке “Гүлчө шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, мэр Н.Э.Тажибаевдин, Гүлчө шаарынын социалдык-өнүгүүсүнө жана элдин жашоо шартын жакшыртууда кошкон зор салымы үчүн Гүлчө шаарынын тургуну Примов Бердибай Примовичке “Гүлчө шаарынын Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп,“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын социалдык-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, элге жасаган өрнөктүү иштери жана көпчүлүк жаштарга үй-бүлөдө, ишинде да үлгүлүү болгон Гүлчө шаарынын тургуну Примов Бердибай Примовичке “Гүлчө шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын жана «Гүлчө шаарынын Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү, төш белгиси кошо тапшырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |