Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму

 

2026-жылдын 20-февралы № 2/6

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгы жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун  руханий адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жөнүндөгү” буйругунун негизинде,  Гүлчө шаарынын аймагында жана башка калктуу конуштарда маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү Жобону бекитип берүү жөнүндө баяндамачынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө» Мыйзамынын  34-беренесинин 1-пунктуна  ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши

          

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгына ылайык, Гүлчө шаарынын аймагында жана башка калктуу конуштарда маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү Жобосу - мэрия тарабынан коомдук угуулар уюшулгандан кийин өзгөртүү, толуктоо киргизүү жолу менен бекитилсин.

2. Бекитилген Жобонун талаптарына ылайык, маркумду жайга коюуга жерди брондоо акысы, райондук маанидеги шаар статусунун коэффиценти - 500 сом экени эске алынсын жана депутаттар тарабынан 49,500 сом сунушталып, Гүлчө шаарынын аймагы боюнча маркумду жайга коюуга жерди брондоо үчүн, жалпы брондоо акысы – 50,0 (элүү миң) сом болуп бекитилсин.

3. Мыйзамга ылайык, жайга коюлган эстеликтердин бийиктиги 0,70 см ден ашпасын жана кабыл алынган токтомдун аткаруу мөөнөтү коомдук угуулардан кийин ишке ашырылсын.

 

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

 

Төрага:

 

А.Б. Самиев