Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/7
Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Жеңиш аянтынын ичинен шахмат клубунун күйөрмандарынын өтүнүчү боюнча, аянты 30,0 (отуз) чарчы метр жер тилкесине атайын жеңил типтеги шахмат ойноочу жай курууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Жеңиш аянтынын ичинен, демөөрчү Аширов Калык тарабынан сунуш болуп, шахмат сүйүүчүлөрдүн өтүнүчү менен атайын жеңил типтеги шахмат ойноочу жай курууга 30,0 (отуз) чарчы метр жер тилкесине макулдук берүү жөнүндө жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Ш.Осуевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктунун негизинде, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан Гүлчө шаарынын мэрия-сынын муниципалдык менчигиндеги Жеңиш аянтынын ичинен, аянты 30,0 (отуз) чарчы метр болгон жер тилкесине жеңил типтеги шахмат ойноочу жай курууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде тактап, камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |