Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/8
Гүлчө шаарынын Алымбек датка көчөсүнө төрт тилкелүү жол курулуп жаткандыктан, жол жээгиндеги 108 даана жана Гүлчө эс алуу багындагы реконструкциялоо иштерине тоскоол болгон 95 даана тал-теректерди кыйдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарында төрт тилкелүү жол курулуп жаткан Алымбек датка көчөсүнүн жол жээгиндеги 108 даана жана Гүлчө эс алуу багындагы реконструкциялоо иштерине тоскоол болгон 95 даана тал-теректерди кыйууга макулдук берилсин.
2. Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жогорудагы тал-теректерди кыйдырууга уруксат кат алып келүү жагы Гүлчө шаарынын мэриясына тапшырылсын. 3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы мэр Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |