Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/9
Гүлчө шаарына караштуу Кош-Тектир участкасынын башкы көчөсүнө Алимбеков Ормонбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарына караштуу Кош-Тектир участкасынын башкы көчөсүнө Алимбеков Ормонбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Алимбеков Ормонбектин ысымы ыйгарылган көчөгө кеткен чыгымдары үчүн жумшалган акча каражаттары О. Алимбековдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы мэр Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |