Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-отуруму
2026-жылдын 20-февралы № 2/10
Чыйырчык ашуусуна Тооке атанын мемориалдык айкелин орнотуу үчүн 30 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 2-отуруму, Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, Тооке атанын мемориалдык айкелин орнотуу үчүн Чыйырчык участкасынан 30 чаичы метр жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө баяндамачынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Гүлчө шаарынын кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 2-отуруму, Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, Тооке атанын мемориалдык айкелин орнотуу үчүн 30 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |