Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 16-отуруму
2025-жылдын 30-декабры № 16/2
Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө 2025-жылга карата бекитилген сметанын үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 16-отуруму, Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевдин сунушу боюнча, 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021 №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.
К/н
|
Бөлүмдөрдүн аталышы |
Берененин аталышы |
берене | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Китепкана | Эмгек акы | 2111 |
| 95,2 |
2 | Китепкана | Соц.фондго чегерүү | 2121 |
| 105,4 |
3 | Клуб | Эмгек акы | 2111 |
| 44,1 |
4 | Клуб | Соц.фондго чегерүү | 2121 |
| 4,2 |
5 | Аппарат | Эмгек акы | 2111 | 126,5 |
|
6 | ЖКХ | Субсидия | 2511 | 122,4 |
|
|
|
|
|
|
|
| Баары |
|
| 248,9 | 248,9 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |