Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2025-жылдын 30-октябрындагы №16-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу атайын техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-октябрындагы чыгыш № 01-28/2349 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №8 протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 12 600 000 (он эки миллион алты жүз миң) сом, жылдык 11 (он бир) пайыздык үстөк менен, 5 жылдык мөөнөткө эксковатор HYUNDAI R140W-9 атайын техниканы алууга макулдук берилсин.
3. Лизингдин жалпы баасынан 10 (он) пайыз өлчөмүндөгү өздүк салым — 1 260 000 (бир миллион эки жүз алтымыш миң) сом — 2026-жылдын биринчи кварталында камсыздалып берилсин.
4. Өздүк салымдан тышкары, лизинг жолу менен алынган автоунааны бажы жагынан жол-жоболоштуруу, каттоо, лизингдин бүткүл мөөнөтүнө камсыздандыруу жана башка тиешелүү чыгашалар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каралсын.
5. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана ага байланыштуу документтерге кол кою укугу Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына ыйгарылсын.
6. Лизинг боюнча төлөмдөр 5 жыл аралыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага | А.Р. Алимов |