Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2025-жылдын 30-октябрындагы №16-2
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовдун 2025-жылдын 29-октябрындагы чыгыш № 01-28/2367 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы отурумунунун №8 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVI сессиясы
Токтом кылат:
1.1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылындагы Көк-Булак участкасында ден-соолукту чындоочу спорт комплексин курууга долбоорлонуп жаткан 1,0 га (бир) жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага | А.Р. Алимов |