Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXII сессиясы

 

2023 жылдын 08-июну № 22-2

Келте айылынын тургуну, маркум Кулуев Абдиназар жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын,экинчи маселеси боюнча Келте айылынын тургуну Кулуев Алмаздын кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Бак-1 көчөсүнө Келте айылынын тургуну маркум,эмгектин ардагери Кулуев Абдиназардын ысымын коюуга макулдук берилсин.

.

2. Көчөнүн чек араларын тактап берүү жагы айыл башчыга жана көчөнүн оң абалда кармоо жагы уулу Кулуев Алмазка милдетендирилсин..

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

Э.Исманов