Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-февралы № 54-т
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен 1 090 000 000 (бир миллиард токсон миллион) сом өлчөмүндө максаттуу трансферттер түрүндөгү акча каражаттарын бөлсүн, алардын ичинен:
– 910 000 000 (тогуз жүз он миллион) сом Талас шаарынын автомобиль жолдорун капиталдык оңдоону жана жана курууну жүргүзүүгө;
– 180 000 000 (бир жүз сексен миллион) сом Талас шаары үчүн лизингге 30 (отуз) бирдик электр автобусун сатып алууга;
2) “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |