Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXII сессиясы
2023 жылдын 08-июну № 22-6
Айыл өкмөтүнө караштуу китепкананы ремонтоосуна акча каражат ажыратуу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясынын, алтынчы маселеси боюнча китепкананын башчысы К.Асанованын кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ызар айылындагы китепкананы ремонтоосуна жергиликтүү бюджетинин эсебинен 25000 (жыйырма беш миң)сом ажыратууга макулдук берилсин.
.
2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 25000(жыйырма беш миң)сом акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | Э.Исманов |