Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXII сессиясы

 

2023 жылдын 08-июну № 22-7

Туркия мамлекетине операция жасатууга акча каражат ажыратуу жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясынын, жетинчи маселеси боюнча Баймак айылынгын тургуну Тиляев Бахадирдин арызы менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Тиляев Бахардирге Туркия мамлекеттине небересин операция жасатуусуна жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20000 (жыйырма миң)сом ажыратууга макулдук берилсин.

.

2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20000(жыйырма миң)сом акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

4. Токтом www alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

Э.Исманов