Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXII сессиясы

 

2023 жылдын 08-июну № 22-10

Кашкалак маданият үйүн ремонтоого түзүлгөн долбоорду райондук өнүктүрүү фондго сунуштоо жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясынын, онунчу маселеси боюнча Кашкалак маданият үйүнүн башчысы К.Хайткуловдун кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кашкалак маданият үйүн ремонтоого түзүлгөн долбоорду райондук өнүктүрүү фондго сунуштоого макулдук берилсин.

.

2. Кашкалак маданият үйүнө тиешелүү иш кагаздарын тактап жана тийиштүү жерге тапшыруу жагы К.Хайткуловго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

Э.Исманов