Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 1

 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундардан,мекеме ишканалардан айыл өкмөтүнө, айылдык Кеңештин атына келип түшкөн ар түрдүү арыздарды, кайрылууларды кароо жөнүндө

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1) Ар түрдүү арыз сунуштарды кароо боюнча;

 

1. Айбике айылынын тургундары Эсенова Ыхвал,Масейитова Аймончок ,Дуулатов Калыктардын короо алдына жеке менчик таза суу түтүгүн киргизүү боюнча арызы айыл башчы Жоробаев Ысманалинин кароосуна калтырылсын.

2. Кара-Булак айылынын тургуну Жаназакова Айнагүлдүн турак жай салууга жардам сураган арызы 2022-жылдын бюджетинен каралсын.

3. Нур МЧББМнин терессасын жылуулоо боюнча арызы кошумча бюджетти караганда каралсын.

- Нур МЧББМнин колдоо максатында жер сураган арызы айылдык Кеңештин агро жерлер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралсын

4. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Там участкасына 2,1 га жерге ,Исфана шаарынын тургуну Дербишева Гульнара тарабынан Евросоюздун ТАСИС долбоорунун алкагында Белгия мамлекетинен жаңы сорттогу алма көчөттөрүн алып келип олтургузган.Аталган жердин келишиминин мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу жана Дербишева Гульнаранын алманы өстүрүүдөгү көп жылдык эмгеги эске алынып, келишим кайрадан түз берүү жолу менен мыйзам чегинде түзүлсүн.

5. Тогуз-Булак айылындагы Гожо участкасындагы жана Башке участкасындагы скважиналарды ремонттоого акча сураган элдин арызы кошумча бюджетте каралсын.

6. К.Сабыров айылынын тургуну Мурзакматов Абдрапыктын түз берүү жолу менен ижарага жер сураган арызы айылдык Кеңештин агро жерлер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралсын

7. Ай-Көл айылынын тургуну Убраимов Абдыкалык турак жайына сел коркунучу болгондуктан башка жерге жылдырууга жер сураган арызы айылдык Кеңештин муниципалдык жерлер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралсын.

8. Тегирменти таза суу ИСКАКБси сел бузган суу түтүктөрүн оңдоо үчүн сураган 121 605 сом акча каражаты кошумча бюджетте каралсын.

9. Миң-Жыгач айылынын тургундары Халмурзаева Бурулай жана Равшанбек кызы Нурайымдардын короого жеке менчик таза суу түтүгүн чыгаруу боюнча арызы жана Кара-Булак айылынын Кара бий көчөсүнүн тургундарынын таза суу түтүгүн чыгаруу боюнча арыздары Тегирменти таза ИСКАКБСинин кароосуна берилсин.

10. Миң-Жыгач айылдык маданият үйүнүн мурдакы кароолу Досов Абдрагимге колдоо максатында кызматтык жер катары Төө-Жайлоо участкасынан берилген 1,0 га жер,азыркы кароол Жуманов Акматжанга өткөрүлүп берилсин.

11. Тогуз-Булак айылынын тургуну Мукарамов Суюнбайдын Госспец хоз участкасындагы муниципалдык менчиктеги 160,0 кв.м жерди калкка кызмат көрсөтүүчү ишкана куруу үчүн сураган арызы ,келишимде көрсөтүлгөн ижара акысына 20% үстөк коюлуп, келишим кайрадан түзүлүп мөөнөтү узартылып берилсин.

12. К.Сабыров айылынын тургундарынын намазкана салууга жер сураган арызы айылдык Кеңештин агро жерлер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралсын

13. Айылдык Кеңештин депутаты Айбашов Бакыттын Кара-Булак айылындагы таштанды таштоочу жерди жылдыруу жана айылдагы селкананы тазалоо боюнча сунушун ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине,Кара-Булак айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

14. Саркент суу СПАсынын айыл өкмөтүнөн жардам катары сураган 20 000 сом акча каражаты кошумча бюджеттен каралсын.

15. Саркент суу СПАсынын каналдарды реаблитациялоого мамлекеттен алган кредитинин кайтарымын, айыл өкмөтүнүн калкынын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан,кредиттин кайтарымын жок кылдыртуу боюнча сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине,Министрлер кабинетинин башчысына,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кат жолдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2) Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевке милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы :

К.Ражапов