Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 5

 

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн социалдык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак,Айбике,Миң-Жыгач,Тогуз-Булак жана Ай-Көл айылдарына скважина каздыруу үчүн 2021-жылдын бюджетинен бөлүнгөн 1 000 000 (бир млн.) акча каражаты,скважина каздыруу үчүн жетишпестик жаралгандыгына байланыштуу төмөнкү айылдардагы курулушу бүтө элек обьектерге бөлүнүп берилсин.

1) Тогуз-Булак айылындагы жаңы түшүп жаткан балдар бакчасынын имаратына 700 000 (жети жүз миң) сом.

2) Айбике айылындагы жаңы түшүп жаткан конушка электр трансформаторун алууга 300 000 (үч жүз миң) сом.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевке милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы :

К.Ражапов