ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 79
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун жерлерине ижара акы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.
1. Ижарага берилүүчү КБФ нун жерлери юридикалык төлөмдөрүнөн жана соц фондунан сырткары 1 га жер ( айдоо, чөп ормо ) Чон- Кыяга чейин 1500 сом, Чон-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге ( айдоо, чөп ормо ) 1000 сомдон ижара акысы чегерилсин.
2. Эгер 3 га жерден көп болсо Чон- Кыяга чейин бир гектарына 5000 сом, Чон –Кыядан жогору бир гектарына 2000 сомдон бекитилсин.
3. Эшик алды 1 сотыхка 20 сом, өз ара 100 сом, ашыкча кашаа 1 сотыхка 25 сомдон бекитилсин жана жайытты ээлеп кашаалап алгандардын кашаалары бузулсун.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |