Редакцияот 09.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы

2023-жылдын 9-марты № 82

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы жөнүндө

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1. Элдин малын багуучулар бир баш кой- эчкиге 130 сомдон,бир баш кара малга 600 сомдон, бир баш жылкыга 800 сомдон кызмат акысы алынсын.

 

2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кой- эчкиге 25 сомдон, бир баш кара малга 100 сомдон, бир баш жылкыга 100 сомдон жайыт салыгы бекитилсин.

 

3. Ар бир баш малга чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин.

 

4. Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кыргызбаев