ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 84
Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп-тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго төмөндөгүдөй айып салуу жагы бекитилсин.
Эгинге түшкөн бир баш кой-эчки үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Эгинге түшкөн бир баш жылкы үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Эгинге түшкөн бир баш кара мал үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Чоп ороко түшкөн бир баш кой-эчки үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо
Чоп ороко түшкөн бир баш жылкы үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо
Чоп ороко түшкөн бир баш кара мал үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктасын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |