ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 93
Жийде айылындагы элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынан элдик жыйындын токтомунун негизинде Жийде айылынын тургуну Аралов Сарыбагыштын үйүн мамлекеттик каржылоодогу мектепке чейинки билим берүү уюмун ( балдар бакчасын ) ачууга өткөрүлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Жийде айылынын тургуну Аралов Сарыбагыштын үйүн мамлекеттик каржылоодогу мектепке чейинки билим берүү уюмун ( балдар бакчасын ) ачууга өткөрүлүп берилсин.
2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Аралов Сарыбагыштын үйүнө “Сурмакан апа” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга уруксат берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымына жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев |