Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму

 

2023-жылдын 26-январы № 18/3

Коңур-Добө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Коңур–Дөбө айылдык Кеңеши жайыт комитетинин төрагасы Р.Боронбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап.

 

Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бир жылдык бюджетине каралган 145,0 миң сомдун 1/3 бөлүгү ,48333 сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө, жер салыгын эске алуу менен калтырылсын.(тиркеме тиркелет)

 

2. Жыл ичинде алыскы жайыттардан түшкөн салыкты сметада каралган суммадан ашыкча түшсө кошумча смета түзүп,чыгаша бөлүгүнө иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Бегматов