Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-марты № 150
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору" мамлекеттик мекемесин "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы" мамлекеттик мекемеси деп кайра атоо жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору" мамлекеттик мекемеси "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасындагы "Окуу борбору" деген сөздөр "Финансы академиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 9-пунктчасындагы "Окуу борбору" деген сөздөр "Финансы академиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
2) алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| "9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын (мындан ары - Финансы академиясы) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Финансы академиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Финансы министрлигинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар, юридикалык жактар жана Финансы министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
6. Финансы академиясы өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Финансы академиясынын уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Финансы академиясы ага бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Финансы академиясынын толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов Министерства финансов Кыргызской Республики";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic".
8. Финансы академиясынын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КР ФМ Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов МФ КР";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the MF KR".
9. Финансы академиясынын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58А.