КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 6 -чакырылышынын кезектеги 18–отуруму
2023-жылдын 26-январы № 18/8
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургуну Бекмуратов Жакшылыктын жазган арызынын негизинде Боз-Караган-2 көчөсүндөгү №85/б дарегинде жайгашкан жеке менчик жерди максаттуу багытын өзгөртүп турак жай куруу үчүн айылдык Кеңештин токтомун чыгарып берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 18-отуруму Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп. Бекмуратов Жакшылык Алимбековичтин наамына 5-01-06-1001-0214 сандуу коду менен катталган жер участогунан 26 сотых жер тилкесин турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин12-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде.
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Боз-Караган-2 көчөсүндөгү №85/б даректеги жеке менчигигинде турган 2600,00 чарчы метр жерди максаттуу багыты өзгөртүлүп, турак жай куруу үчүн кайрадан чектелип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Бегматов |