Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/1
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылга каратажергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жана 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, 2027-2028-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө мэр Н.Э.Тадибаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123. ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 143 536 939 (бир жүз кырк үч миллион беш жүз отуз алты миң тогуз жүз отуз тогуз) сом, анын ичинде өздүк киреше 94 953 509 (токсон төрт миллион тогуз жүз элүү үч миң беш жүз тогуз ) сом, теңдештирүүчү трансферт 11 832 000 (он бир миллион сегиз жүз отуз эки миң ) сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 20 420 860 (жыйырма миллион төрт жүз жыйырма миң сегиз жүз алтымыш) сом, өткөн жылдан өткөн калдык 16 330 570 (он алты миллион үч жүз отуз миң беш жүз жетимиш) сомго жана чыгаша бөлүгү 138 617 244 ( бир жүз отуз сегиз миллион алты жүз он жети миң эки жүз кырк төрт ) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү өздүк кирешенин эсебинен 108 241 800 (бир жүз сегиз миллион эки жүз кырк бир миң сегиз жүз) сомго, анын ичинде атайын каражат 13 100 000 (он үч миллион бир жүз миң) сомго бекитилсин.
3. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү өздүк кирешенин эсебинен 121 531 800 (бир жүз жыйырма бир миллион беш жүз отуз бир миң сегиз жүз) сомго, анын ичинде атайын каражат 13 100 000 (он үч миллион бир жүз миң) сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
4. 2028-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү өздүк кирешенин эсебинен 136 062 800 (бир жүз отуз алты миллион алтымыш эки миң сегиз жүз) сомго, анын ичинде атайын каражат 13 100 000 (он үч миллион бир жүз миң) сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. «Гүлчө коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасына жана «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 51-берененин 5-пунктуна ылайык, 2026-жыл үчүн Гүлчө шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешелер эсебинен «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына 15 000 000 (он беш миллион) сом, «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасына 1 910 474 (бир миллион тогуз жүз он миң төрт жүз жетимиш төрт) сом өлчөмүндө субсидия бөлүнүп берилсин жана киреше, чыгаша бөлүгүнүн эсеп-кысабын ар чейрек сайын тапшыруу жагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек у Азаматка, «Гүлчө Автобекет» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Таалайбековго милдеттендирилсин.
6. Бала бакчалардагы балдардын ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрдү айына бир балага 1000 ( бир миң) сомдон белгиленсин.
7. Корголгон беренелердин (Эмгек акы,социалдык фондуна чегерүүлөр көмүр,отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
8. Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу мектептерге, бала бакчаларга жана мекемелерге бюджеттен каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, эсеп-кысаптарын убагында мэриянын финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча жетекчилердин орун басарларына милдеттендирилсин.
9. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э. Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |