Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 15-октябры №54
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өкөрүлүп берилген жерлеринин ижара акысын белгилөөдөгү формуладагы К-коэффицент төмөндөгүдой белгиленсин.
Катар № | Жердин жайгашкан жери | Жердин контуру | Жердин аянты,га | Жердин түрү | К-коэффицент |
1 | Миң-Өрүк | 990 | 3,5 | Сугат айдоо | 20 |
2 | Рават | 4136 | 68,5 | Кайрак айдоо | 30 |
3 | Жаңы жер | 29 | 4,0 | Көп жылдык бак | 30 |
4 | Самаркандек | 1884 | 9,4 | Көп жылдык бак | 30 |
2.АК-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча тоорукту (аукцион,конкурс) уюштурууга жана өткорүүгө 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба,агро өнөр жайы,жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо,жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды. .
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |