Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/2
2025-жылдын 8-августунда Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган №10/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2025-жылдын 25-сентябрында Гүлчө айылы шаар статусун алып, Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө шаарынын мэриясы болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2025.08.08. кабыл алынган Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планы жөнүндөгү №10/1 токтомуна өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө баяндамачыЭ.Кадырованын билдирүүсүн угуп, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын 11-17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 8-августундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылдарга карата бекитилген өнүгүү планы жөнүндөгү №10/1 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
• 1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Гүлчө шаарынын мэриясынын 2025-30-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын өнүгүү планы бекитилсин”.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |