Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 15-октябры №55
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын көчөлөрүнүн атын згөртүү өзгөртүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүмү жана Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 токтому менен бекитилген Кыргыз республикасындагы географиялык обьекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобосунун төртүнчү пунктун негиз кылып,Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Колтук-1 көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунун потоколу Колтук-1 кочөсүн Найман атына алмаштыруу боюнча чогулуштун протоколунун чечими боюнча Байыш Досматовдун билдирүүсүн,угуп талкуулап карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Колтук-1 көчөсү,Найман көчөсү болуп өзгөрүлсүн.
2.ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Маданий маселелер,коомдук уюмдар менен иштөө,маалымдуулук,социалдык коргоо,балдар жана жаштар,массалык спортту өнүктүрүү,билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Төрага: |
Т.Исманов |