Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү» №26 токтомуна ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын төмөндөгү административдик кошумча кызматтарын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү» №26 токтомуна жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик Регламентине ылайык, Гүлчө шаарынын мэриясынын төмөндөгү административдик кошумча кызматтары (акысыз түрдө) бекитилип берилсин:
- Паспорт жок болгон учурда жашагандыгын аныктоочу корутунду берүү жана аларды идентификациялоо актысын жазып берүү;
- Каза болгон адамдын үй–бүлөөсүнө берилүүчү акчалай жардамды алууга маалымдама жазып берүү;
- Туруктуу жашагандыгын аныктоочу маалымдаманы талап кылуучу сот, ички иштер бөлүмү жана социалдык фонд мекемелерине маалымат жазып берүү;
- Мэриянын жана аткаруу комитетинин мурдагы кабыл алынган чечимдерине, токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы токтомдорду даярдап берүү кызматы;
- Жеке менчик мүлктү маркумдан туугандары өткөрүп алууда форма-50 маалыматын жазып берүү кызматтары бекитилип берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун майзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |