Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/4
Гүлчө шаарынын кеңешинин 2026-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин жана 39-беренесине ылайык, туруктуу комиссиялардын сунуштарынын негизинде , Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын кеңешинин 2026-жылга карата иш-планы, Регламентке ылайык бекитилсин.
2. Гүлчө шаарынын кеңешинин иш планынын негизинде 2026-жылга карата туруктуу комиссиялардын иш планын иштеп чыгуу үчүн туруктуу комиссиялардын төрагалары отурумдарды уюштурсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Н.Камаловага жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |