Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/5
Гүлчө шаарынын кире беришинде жайгашкан «Петролеум» май куюучу
станциясынын (АЗС) жанындагы Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине таандык, аянты 13440,0 чарчы метр болгон жер тилкесинен 200,0 чарчы метр жер тилкесине, ошондой эле Гүлчө шаарынын Мамбетов көчөсүндөгү И.Жусубалиевдин турак жайынын жанындагы Гүлчө шаарынын муниципалдык менчигиндеги 40,0 чарчы метр болгон жер тилкесине электр тогу менен жүрүүчү автоунааларды кубаттоочу станция орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, мэр Н.Э.Тажибаевдин жогорудагы маселе боюнча сунушун карап, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык мүлктү пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө» Жобосуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктун жетекчиликке алып, Гүлчө шаарынын кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын кире беришинде жайгашкан «Петролеум» май куюучу станциянын (АЗС) жанында Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги аянты 13440,0 чарчы метр болгон жер тилкесинен, 200,0 чарчы метр жер тилкеси электр тогу менен жүрүүчү автоунааларды кубатточу станция орнотууга макулдук берилсин.
2. Гүлчө шаарынын Мамбетов көчөсүндөгү И.Жусубалиевдин турак жайынын жанындагы Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган 40,0 чарчы метр жер тилкесине электр тогу менен жүрүүчү автоунааларды кубатточу станция орнотууга макулдук берилсин.3. Кабыл алынган токтомго тиешелүү иш-кагаздарын тактап, мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |