Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/6
Гүлчө шаарынын Жаңы-Савай участкасындагы шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган аянты 5,0 га болгон жер көчкү жүргөн жерди жана Гүлчө шаардык мэриясына караштуу Тамга-Терек айылынын Көк-Кыя участкасындагы аянты 5,0 га болгон жер тилкесин көрктөндүрүп, жашылдандыруу максатында Алай токой чарба ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын Жаңы-Савай участкасындагы мэриянын муниципалдык менчигинде турган, аянты 5,0 га болгон жер көчкү жүргөн жерди жана Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу Тамга-Терек айылынын Көк-Кыя участкасындагы аянты 5,0 га болгон жер тилкесин көрктөндүрүп, жашылдандыруу максатында Алай токой чарбасы ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Алай токой чарбасы ишканасынын балансына көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп берилген жер тилкелери коммерциялык багытта ижарага жана менчикке берилбесин.
3. Алай токой чарба ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген жер тилкелери белгиленген 10 жыл мөөнөт ичинде көрктөндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөсө, Гүлчө шаарынын мэриясынын балансына кайтарып алуу жагы белгиленсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |