Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/4
Гүлчө шаарынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан Алымбек датка атындагы эс алуу жайынын ичиндеги жабык типтеги волейбол, футбол аянтчаларынын жана жаңыдан курулган бассейндин ижара акыларынын баштапкы баасын, ошондой эле Алымбек датка жана Курманжан датка эс алуу жайларынын ичинен коммерциялык багытта иштетүү үчүн 1,0 чарчы метр жер тилкесинин баштапкы баасын аныктап берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу Нарматов көчөсүндө жайгашкан Алымбек датка атындагы эс алуу жайынын ичиндеги жабык типтеги волейбол жана футбол аянтчаларынын жана жаңыдан курулган бассейндин ижара акыларынын баштапкы баасын, ошондой эле Алымбек датка жана Курманжан датка эс алуу жайларынын ичинен коммерциялык багытта иштетүү үчүн 1,0 чарчы метр жер тилкесинин баштапкы баасын аныктап берүү жөнүндө жер боюнча башкы адис Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-5-пункттарына ылайык, Гүлчө шаарынын кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Футбол аянтчасынын бир айлык ижара акысынын баштапкы баасы-25000,0 (жыйырма беш) миң сом болуп бекитилсин.
2. Волейбол аянтчасынын бир айлык ижара акысынын баштапкы баасы-25 000,0 (жыйырма беш) миң сом болуп бекитилсин.
3. Бассейндин бир айлык ижара акысынын баштапкы баасы- 25 000,0 (жыйырма беш) миң сом болуп бекитилсин.
4. Эс алуу жайларынын ичинен коммерциялык багытта иштетүү үчүн бир айлык ижара акысынын баштапкы баасы 1,0 чарчы метр жерге айына – 625,0 (алты жүз жыйырма беш) сом болуп бекитилсин.
5. Гүлчө шаарында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин коммерциялык багытта иштетүү үчун 1,0 чарчы метр жер тилкесинин ижара акысынын баштапкы баасы, айына 300,0 (үч жүз) сом, ал эми Гүлчө шаарынын аймагындагы айылдардагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди коммерциялык багытта иштетүү үчүн 1,0 чарчы метр жер тилкесине бир айлык ижара акысынын баштапкы баасы - 187,0 (бир жүз сексен жети) сом болуп бекитилсин.
6. Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык жер тилкелерин убактылуу көрктөндүрүү үчүн берилген 100,0 чарчы метр жер тилкесинин бир жылдык ижара акысынын баштапкы баасы- 400,0 (төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
7. Гүлчө шаарында жайгашкан уюлдук байланыш станциялары орнотулган 10,0 чарчы метрден 40,0 чарчы метрге чейинки жер тилкесинин ижара акысы, айына баштапкы баасы - 10 000,0 (он миң) миң сомдон жогору болуп бекитилсин.
8. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гулчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |