Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/9
Гүлчө шаарынын мэриясынын алдындагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын Жайыт комитетинин бюджетинин 2025-жылдын 12 айында киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча маалыматы жана 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануунун ар жылы пайдалануу боюнча планын жана ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп, кеңири талкуулап 26.01.2009-жылдагы №30-Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү Мыйзамынын 10-беренесине жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндөгү» Жобонун 2-беренесинин 10-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын алдындагы Жайыт комитетинин 2025-жылдагы
бюджетинин аткарылышы айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу Жайыттарды башкаруу жана пайдаланууну жакшыртуу максатында жайыттарды ар жылы пайдалануу боюнча 2026-жылга карата планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Жайыт комитетинин 2026-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 445,0 миңсом, ал эми чыгаша бөлүгү 445,0 (төрт жүз кырк беш) миң сом болуп бекитилсин.
4. Жайыт комитетинин 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй
кирешелерден;
жарандардын жайытка чыга турган ири-мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан
- Ири-мүйүздүү малга жылына -50,0 (элүү) сом
- Жылкыларга – жылына – 50,0 (элүү) сом
- Майда-жандык мал үчүн – 20,0 (жыйырма) сом.
Башка райондордун жана айыл өкмөттөрдүн жарандарынан;
- Ири-мүйүздүү малга – 5 айга – 500,0 (беш жүз) сомдон
- Жылкыларга – 500,0 (беш жүз) сомдон
- Майда-жандык малга – 100,0 (бир жүз) сомдон болуп бекитилсин.
5. Гүлчө шаарынын мэриясынын аймагындагы жайыт жерлерин тосуп алып, чөп оруу үчүн пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысы 1,0 га жер аянтына 1 жылга 4000,0 (төрт миң) сомдон бекитилсин.
6. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга
көрктөндүрүү үчүн пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысы 1,0 га жер аянтына 4000,0 (төрт миң) сомдон бекитилсин.
7. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы жол, муниципалдык менчиктер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |