Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга башкача айтканда Гүлчө шаарынын аймагындагы жайыт жерлерине уюлдук байланыш станциялары орнотулган 10,0-40,0 га чейинки жер тилкелеринин ижара акыларынын баштапкы баасын аныктап берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп, кеңири талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга
туризм тармагын өнүктүрүү үчүн калкка кызмат көрсөтүү максатында пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысы 1,0 чарчы метр жер тилкесине 268,0 (эки жүз алтымыш сегиз) сомдон, ар бир жылдын июнь, июль, август айлары үчүн.
2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга
уюлдук байланыш аппараттарын орнотуу үчүн уюлдук байланыш жоопкерчилиги чектелген коомунан алынуучу ижара акысы айына 10,0 чарчы метрден 40,0 чарчы метрге чейин жер аянтына 7000,0 (жети миң) сомдон болуп бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |