Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/11
Гүлчө шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1- январына карата жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешесинен 2025-жылдын калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жана мэр Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган 4 919 693 ( төрт миллион тогуз жүз он тогуз миң алты жүз токсон үч) сом анын ичинен бюджет эсебинде 4 833 312 (төрт миллион сегиз жүз отуз үч миң үч жүз он эки) сом жана атайын каражаттар эсебинде 86 381 (сексен алты миң үч жүз сексен бир) сом калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча болуп киргизилсин.
2. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э. Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |