Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/12
Гүлчө шаарынын Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан, Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги аянты 3658,90 га жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнүн балансына административдик имарат куруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнүн 2026.28.01.№03-30/01 сандуу каты менен таанышып чыгып, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө, Гүлчө шаарынын Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан, Мэриянын муниципалдык менчигиндеги аянты 3658,90 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнүн балансына административдик имарат куруу үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. Юридикалык документтерин тактап, даярдап, өткөрүп берүү жана кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнүн балансына административдик имарат куруу үчүн өткөрүлүп берилген аталган жерге заманбап, шаардын көркүн ача турган имарат түшүп, пайдаланууга берилген күндөн баштап, Гүлчө шаарынын Уметалиев көчөсүндөгү №8 имарат, жер тилкеси менен кошо Гүлчө шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |