Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/13
Гүлчө шаарында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатынын от канасынын дубалы жыгылайын деп түтүн чыккан моорусунун эскилиги жетип, окуучулар үчүн кооптууабалда болгондугуна байланыштуу откананы жана моорун буздуруп тазалаганга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пункттарына ылайык, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы
мектеп-интернатынын от канасынын дубалы жыгылайын деп, түтүн чыккан моорусунун эскилиги жетип, окуучулар үчүн кооптуу абалда болгондугуна байланыштуу откананы жана моорун буздуруп тазалаганга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |