Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/14
Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылда жергиликтүү бюджетинин атайын каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын мэриясына атайын каражат эсебинен 1432400-беренесиндеги «Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы жөнүндөгү» 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизүү боюнча Гүлчө шаардык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жана мэр Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын 2026-жылга атайын каражатынын 13 100 000 (он үч миллион бир жүз миң ) сом каражатын 2026-жылдын бюджетинин атайын каражат эсебинин 1432400-беренесиндеги «Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы» боюнча киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин.
2. Гүлчө шаардык мэриясына караштуу мектепке чейинки мекемелерде, балдар бакчаларындагы балдардын ата-энелеринен түшүүчү төлөмдөрү айына бир балага 1000 (бир миң) сомдон белгиленсин.
3. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу, максаттуу жумшалышын камсыздоо жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э. Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө шаарынын кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |