Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө шаарынын кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 30-январы № 1/15
Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган Гүлчө шаарынын кире беришиндеги “ Петролеум” май куюучу станциянын (АЗС) жанындагы 5-01-04-1005-0243 сандуу идентификациялык сыр белгидеги, аянты 6620,4 чарчы метр болгон жер тилкесине респоинт, мейманкана жана автомашиналарды токтотуучу жай курууга, ал эми 5-01-04-1005-0242 сандуу идентификациялык сыр белгидеги 6619,6 чарчы метр жер тилкесине спорт комплексин курууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, мэр Н.Э.Тажибаевдин жогорудагы маселе боюнча сунушун карап, талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктун жетекчиликке алып, Гүлчө шаарынын кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы №1 протоколунун негизинде, Гүлчө шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 5-01-04-1005-0243 сандуу идентификациялык сыр белгидеги аянты 6620,4 чарчы метр жер тилкеси «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» Ачык акционердик коомуна узак мөөнөт менен ижарага, келишимдин негизинде жеңил типтеги конструкция менен респоинт, мейманкана жана автомашиналарды токтотуучу жай курууга макулдук берилсин.
2. Гүлчө шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 5-01-04-1005-0242 сандуу идентификациялык сыр белгидеги 6619,6 чарчы метр жер тилкесине жеңил типтеги конструкция менен спорт комплекси имаратын курууга макулдук берилсин.
3. Ижарага берилген жер тилкеси коомчулук тарабынан зарыл болуп, муктаждык жаралган учурда Гүлчө шаарынын мэриясынын балансына кайтарылып алынсын.
4. Кабыл алынган токтомго тиешелүү болгон юридикалык иш-кагаздарын тактап, мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |