Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы N 61 Жарлыгына)
2026-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2026-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) футболду узак мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүгө багытталган, анткени Кыргыз Республикасында футбол - маанилүү социалдык жана маданий функцияны аткарган спорттун эң массалык жана маанилүү түрлөрүнүн бири.
Совет мезгилиндеги алгачкы клубдардан баштап көз карандысыздыктан кийинки улуттук федерацияны түзүүгө чейинки бай өнүгүү тарыхы менен футбол өлкөнүн миңдеген жарандарынын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Кыргызстандын курама командасынын 2019-жылдагы Азия кубогундагы тарыхый ийгилиги футболдун өнүгүшүнө өзгөчө түрткү берди, ал кыргыз футболунун потенциалын жана бул тармакка системалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын ачык көрсөттү.
Футболдун өнүгүшү Кыргызстандын өзгөчө табигый-социалдык климатынын шартында жүрүп жатат: кескин континенталдык климат, бийиктиктин олуттуу айырмачылыктары жана чектелген инфраструктуралык ресурстар машыгуу процессин жана мелдештерди уюштурууга кошумча талаптарды түзөт. Ошол эле учурда футболдун массалык популярдуулугу, жаштардын жогорку катышуусу жана коомдун өсүп жаткан кызыгуусу футболдун улуттук спорт катары андан ары өсүшү үчүн жагымдуу факторлор болуп саналат. Акыркы жылдары мамлекет спортту өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууда: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 81 "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы бекитилди, бул ушул Программанын негизин түздү.
Программанын актуалдуулугу. Азыркы этапта Кыргызстандын алдында жетишилген ийгиликтерди сактоо жана көбөйтүү гана эмес, футболду туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын түзүү милдети турат. Комплекстүү мамиле болбосо, тең салмаксыздык коркунучу пайда болот: айрым багыттарга гана (мисалы, кесиптик клубдарга гана же балдар-өспүрүмдөр футболуна гана) көңүл буруу ресурстарды натыйжасыз пайдаланууга жана стратегиялык максаттарга жетпей калууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Программа системалуу өзгөрүүлөргө жана мамлекеттин, Кыргыз футбол биримдигинин, аймактык спорт органдарынын, клубдардын, жеке сектордун жана күйөрмандардын сектор аралык өнөктөштүгүнө таянат.
Программаны узак мөөнөттүү ишке ашыруу футболду чындап массалык, жеткиликтүү жана туруктуу кылып, аны улуттун ден соолугун чыңдоо, социалдык интеграция жана өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу инструментине айландырууну көздөйт.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
Футбол бүгүнкү күндө спорттук оюндардын алкагын кыйла кеңейтип, спорттун эң популярдуу түрү гана эмес, ошондой эле эң массалык кызыгуу жараткан жана дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнүн натыйжасында футбол заманбап массмедианын эң таанымал жана талап кылынган продуктусу болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө футболду өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыкты жана ал биринчи кезекте мамлекеттин, футбол федерацияларынын жана ассоциацияларынын, күйөрмандардын, өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү аркылуу жетишилет.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы улуттук программасына, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин (мындан ары - КФБ) миссиясына жана көз карашына ылайык иштелип чыкты.
Пайда болгон чакырыктарды жана ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти, ошондой эле өнүгүү жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын жана максималдуу натыйжалуулукка жетүү үчүн күч-аракеттерди топтоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бул Программа төмөнкүлөргө багытталган:
- кыргыз футболунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз футболчуларынын суроо-талабын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын футбол курама командаларынын жана кесиптик клубдардын эл аралык аренадагы чыгууларынын натыйжаларын жакшыртуу;
- сапаттуу футбол продуктун түзүү жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун өсүшүн камсыз кылуу;
- спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын бардык багыттардагы курама командаларынын жана кесиптик клубдардын бардык курактык категориялары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу оюнчуларды кеңири тандоону камсыз кылуу;
- массалык футболдун уюштурулушун жана жеткиликтүүлүгүн популярдаштыруу жана жакшыртуу, заманбап футболдук инфраструктураны жана керектүү сандагы жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу;
- өлкөдө футболдун туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө футболду жалпысынан чоңдордун 8%ы (Европада - 14%) ойнойт, футбол ойногон кыз-келиндердин үлүшү 0,5%дан ашпайт (Европада - 4%), футбол ойногон балдардын үлүшү алардын жалпы санынын 17%ын түзөт (Европада - 27%).
Кыргызстандык 20дан ашык футболчу өлкөнүн тышында (Россия Федерациясында, Беларуста, Бангладеште, Түркияда, Өзбекстанда, Германияда, Швецияда, Люксембургда, Гонконгдо, Казакстанда) ойнойт. Салыштыруу үчүн: өз өлкөлөрүнүн тышында 202 украиналык, 192 россиялык, 45 беларустук жана 32 өзбек футболчу ойнойт.
Бүгүнкү күндө өлкөдө чөп газону менен 26 стадион жана жасалма катмары менен 11 стадион/талаа (айрымдары оңдоону талап кылат), 1 манеж жана футзал менен машыгуу үчүн 30га жакын зал бар.
Учурдагы стадиондордун экөөсү гана эл аралык матчтарды өткөрүү талаптарына аздыр-көптүр жооп берет, дагы 8и Кыргыз жогорку лигасынын матчтарын өткөрүү талаптарына жооп берет, 11 стадиондо Биринчи лиганын оюндарын өткөрүүгө жол берилет, ал эми 9 стадиондо учурдагы абалына байланыштуу расмий матчтарды өткөрүүгө болбойт.
Ушундай эле кырдаал футзалдык инфраструктурада да байкалууда, алардын 2өөсү гана эл аралык беттешүүлөрдү өткөрүү стандарттарына ылайык келет, калгандарынын айрымдарынын өлчөмдөрү стандартка жооп бербейт жана машыгуу үчүн гана жарактуу.
Ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүдө региондук дисбаланс орун алган, залдардын дээрлик 60%ы Бишкек шаарында жайгашкан, ал эми Ош, Талас жана Нарын облустарында 1ден гана зал иштейт.
Инфраструктура акырындык менен жакшырып келе жатканын белгилөө зарыл. Катмары жана жарыктандыруусу жакшы чакан-футбол аянтчалары жана залдар пайда болууда. Бирок көпчүлүк учурда бул жакшыруулар жеке капиталдын натыйжасында болууда.
Акыркы 10 жылда Азия футбол конфедерациясынын (мындан ары - АФК) "С", "В", "А" жана "Pro" категорияларындагы лицензиясы бар футбол машыктыруучуларынын жалпы саны 5 эсеге көбөйүп, азыркы учурда 604 адамды түзөт (2013-жылы 121 лицензияланган машыктыруучу болгон).
Региондор боюнча машыктыруучу кадрлардын саны калктын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы, Талас облусунда машыктыруучулар Ош облусуна караганда 20 эсеге, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда 45 эсеге аз.
Аял машыктыруучулардын үлүшү Кыргызстандагы бардык машыктыруучулардын жалпы санынын 7,8%ын түзөт. Кыз-келиндердин командаларын даярдаган аял машыктыруучулардын контракттары жок жана минималдуу стипендия алышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы, бүгүнкү күндө Эл аралык футбол федерациясынын (мындан ары - FIFA) рейтингинде 101-орунда (АФКда - 17-орунда), кошуна өлкөлөр Казакстандан (109-орун) жана Тажикстандан (102-орун) алдыда турат. Салыштыруу үчүн: калкынын саны жана калктын жан башына ички дүң продуктунун деңгээли окшош өлкөлөр, Никарагуа - 130-орунда, Ливан - 117-орунда турат.
Бирок Эло (Elo Rating) футбол рейтингинде Кыргызстан азыркы учурда 145-орунда, Казакстан 92-орунда, Тажикстан 110-орунда, Никарагуа 122-орунда, Ливан 140-орунда турат.
Эгерде бир нече жыл мурда Кыргызстандын улуттук курама командасы матч алдындагы жыйындарга канааттанып, ал эми жылдык матчтардын саны өтө аз болсо, акыркы мезгилде каржылоонун жакшырышы менен курама командада окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду, алардын айрым бөлүктөрүн чет өлкөлөрдө өткөрүүгө мүмкүн болууда. Башка өлкөлөрдүн командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдүн саны да көбөйдү, аларда футболчулар керектүү тажрыйбага жана ишенимге ээ болушат.
Футзал боюнча улуттук курама команданын тарыхында кыйла олуттуу жетишкендиктери бар. 2005-жылдагы АФКнын чемпионатында коло байгенин ээси болгон, ал эми 2006 жана 2007-жылдары төртүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле анын тарыхында Азия чемпионатында алтынчы орун жана беш чейрек финал да бар. Тилекке каршы акыркы жылдары футзал курама командасынын ийгилиги анчалык байкалбай келет, ал эми акыркы өткөн АФК чемпионатында квалификациядан өтө албай калган. Ага карабастан өзгөчө атаандаштык күчөгөн жана өлкөнүн ички чемпионатындагы кызыктуу оюн көрсөтүп баштаган мезгилде футзал курама командасынын келечеги толук үмүттөндүрүүдө.
Бүгүнкү күндө футзал боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 50-позицияны ээлеп, коңшу Казакстан (7-орун) менен Өзбекстандан (25-орун) артта калып, бирок Тажикстандан (52-орун) алдыда турат.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде 128-орунда турат. Салыштыруу үчүн: Өзбекстан 50-орунда, Казакстан 99-орунда, Тажикстан 148-орунда.
Кыргыз кесиптик футбол лигасынын (мындан ары - ККФЛ) оюндарынын популярдуулугу өтө төмөн. Жогорку лигада 8 клуб, Биринчи лигада ушунча команда бар. Мындан тышкары ККФЛ Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Кубогун жана Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Суперкубогун өткөрүп келет.
ККФЛде легионерлердин үлүшү 18,3%ды (Россияда - 31%, Украинада - 22%, Өзбекстанда - 10% легионерлер ойнойт) түзөт.
ККФЛдеги оюнчулардын орточо курагы - 23,9 жашты түзөт. Салыштыруу үчүн: Казакстандын жогорку лигаларында - 27 жаш, Россия менен Өзбекстанда - 26,3 жаш, Украинада - 25,6 жаш жана Беларусияда - 24,9 жаш.
Футболдук клубдардын жана чоңдор командаларынын санынын салыштырмалуу аздыгы өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга болгон суроо-талапты чектөөдө. Ошол себептен келечектүү жаш футболчулардын айрым бөлүгү окууну же акча табууну артык көрүп, кесиптик карьерасын токтотууда.
Көптөгөн командалардын өздөрүнүн стадиондору же окуу-машыгуучу базалары жок. Жергиликтүү бюджеттен дотация алган бир нече клубду кошпогондо, өлкөдөгү футбол клубдарынын басымдуу көпчүлүгү жеке каржылоонун негизинде иштеп келет.
Мындан тышкары жаштар жана балдар командаларын каржылоого бир нече гана клубдардын мүмкүнчүлүгү бар жана бир дагы клубда бүгүнкү күндө кыз-келиндер командасы жок.
Кыз-келиндер футболунда өлкөнүн эки гана чемпионаты өткөрүлөт. Биринчиси 7 командадан турат, анда 15 жаштан жогорку кыз-келиндер ойнойт, экинчисинде, өзүнө 13 команданы камтыган жаштар чемпионатында 14 жашка чейинки кыздар ойнойт. Кыз-келиндер командалары контракттары жок жана айлык албагандыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда кыз-келиндер футболунда кесипкөйлүк жок.
Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасында 2 зонага бөлүнгөн 14 команда чыгат. Быйылкы жылы ата мекендик футзал клубдарында ойногон легионерлердин жалпы саны 30га жетип, чемпионаттын планкасын жаңы деңгээлге көтөрдү.
Ошондой эле өлкөдө футзал боюнча республикалык, ошондой эле региондук ышкыбоздук футзал лигалары туруктуу негизде иштеп келет.
Мындан тышкары жыл сайын ардагерлер арасында футзал боюнча турнирлер өткөрүлүп, ага Кыргызстан менен Казакстандын ар кандай жаш-курактык категориядагы көп сандаган командалары катышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматтар базасына ылайык өлкөдө 78 мекеме (олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар) иштейт, аларда 182 футбол боюнча окутуу-машыктыруучулар эмгектенет жана 5889 бала футбол менен машыгат.
2021-жылдан тартып Балдар футбол лигасынын (мындан ары - БФЛ) ишинде "FIFA Connect" эл аралык системасы колдонулат, анда жаш-курагы боюнча бардык балдар жана өспүрүмдөр катталат. Азыр бул системада КФБнын колдоосу астында БФЛ өткөрүүчү турнирлерге катышкан 1815 жаш футболчу катталган.
Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы республикалык чемпионат эки зонага (түндүк жана түштүк) бөлүнгөн эки лигада (жогорку жана биринчи), 3 жаш-курактагы категорияда (U14, U15 жана U16) өткөрүлөт. Чемпионатка 72 команда катышат (ар бир лигада 36дан). Ошондой эле жыл сайын Кыргыз Республикасынын Кубогу ар бир категорияда 8ден команда менен 5 жаш-курактык топто (U12, U13, U14, U15 жана U16) ойнотулат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 141 лицензияланган футбол арбитри бар, алардын 11,35%ын аялдар түзөт.
Улуттук деңгээлде футбол калыстарынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Алардын саны 10 жылдын ичинде 3,35 эсеге көбөйгөн. Бирок мында да региондук дисбаланс бар - региондордо калыстар жетишсиз.
Мындан тышкары калыстыктын сапаттык өсүшү сандык өсүштөн артта калууда. Мисалы, эркектер футболунда 2008-жылдан тартып бир да калыс рекрутингди өткөн эмес, ошондуктан FIFAда жаңы калыстары жок. Аялдар калыстыгында иш жакшыраак, мында FIFAда Кыргызстандын эки рефери бар.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда VAR (Video assistant referee) системасы бар, мунун натыйжасында FIFA эрежелери боюнча кыргыз калыстары эл аралык матчтарды тейлөөгө тартыла алат.
Футбол чөйрөсүндөгү учурдагы абалдын себеби болуп футболду өнүктүрүүдөгү өз ара байланышкан көйгөйлөрдүн комплекси саналат, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпысынан дене тарбияны жана спортту, атап айтканда футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде так чагылдырылган стратегиялык мамиленин жоктугу;
- жеке капиталдын футболго катышуусунун төмөн деңгээли, бизнесмендерде жана меценаттарда инвестицияларга дем берүүлөрдүн жоктугу;
- футбол инфраструктура объекттеринин саны жана сапаты өлкөдө кесиптик, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөйт;
- кесипкөй менеджерлерди, спорттук жана техникалык директорлорду, машыктыруучуларды, аналитиктерди, коммерциялык директорлорду, мелдештерди уюштуруучуларды даярдоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугунан улам башкаруучу, спорттук, аналитикалык жана уюштуруучу кадрлардын жетишсиздиги;
- машыктыруучуларды окутуу жана лицензиялоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана суроо-талаптын төмөндүгү. Бүгүнкү күндө лицензиялоо массалык футбол системасында иштөө үчүн номиналдуу түрдө гана зарыл элемент болуп саналат;
- курама командалар менен иштөөдө футболдун улуттук моделинин жоктугу. Улуттук стилдин айырмалоочу өзгөчөлүктөрүнө негизделген оюндун модели көптөгөн өлкөлөрдө курама командалардын жыйынтыктарын трансформациялоонун негизи болуп калды. Оюнду куруудагы жалпы философия жана бирдиктүү мамиле ар кандай жаш-курактагы курама командалар менен иштеген машыктыруучулардын күч-аракетин бириктирүүгө, бир жаш-курактык топтон экинчисине өтүүнү кыйла тең салмактуу кылууга мүмкүндүк берет;
- футбол ишинин бардык маанилүү катышуучуларынын (КФБ, кесиптик футбол клубдары, күйөрмандар, муниципалдык органдар) ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу, бул кыргыз футболун өнүктүрүүнү өтө кармоодо жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө тоскоолдук жаратууда.
Муну менен бирге Кыргызстанда футболду динамикалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдан бери өлкөдө футболдун өнүгүшү жогорулады: ФИФА жана АФК менен болгон байланыштар үзүрлүү өнүгүүдө, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүүдө;
- футболго кызыккан жана аны сүйгөн, анын өнүктүрүүгө жана полярдаштырууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкө жетекчилиги тарабынан футболго көңүл буруу жогорулады.
Бул Программа системалуу өзгөрүүлөрдөн түзүлөт, алар жалпы миссия, амбициялуу жана ошол эле учурда адекваттуу максаттар, конкреттүү жана аткарылуучу милдеттер менен бириктирилген футболдун бардык багыттарын пландуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул планда натыйжалуу коммуникацияларды түзүү, ишин улантуучулукту жана институттук эс тутумду камсыз кылуу, бул Программаны ишке ашыруунун бүткүл жүрүшүндө тандалган курсту карманууну колдоо менен КФБ демилгечи жана кыймылдатуучу болууга тийиш.