Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХI сессиясы
2026-жылдын 3-февралы №01-5/63
Сүлүктү шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга жергиликтүү бюджети жана 2027-2028–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө.
Сүлүктү шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга жергиликтүү бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджети жана 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 133890,0 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 145803,0 миң сом өлчөмүндө аныкталсын жана 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2026-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 121696,6 миң сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 121696,6 миң сом жана 2027-2028-жылдарга болжолу 136717,6 жана 153141,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2026-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамын тийиштүү беренелерин аткарууга алуу жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар, өзгөчө кырдаал жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн, негизи Кыргыз Республикасынын 2026-2028 жылдарга респуликалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренеси.
5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн, 2026-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).
2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди: (алтынды, мунайды, газды ) кошпогондо алардын иштетилген жери боюнча жайгашкан орду, боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине – 50 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3) Патенттин негизиндеги салыктан түшүүлөр, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4) Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5) Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6) Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык- шаарлардын айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетерине 100 пайыз өлөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2026-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.
8. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
9. 2026-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жана 2025-жылдан калган эркин калдыктан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
10. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдан калган, эркин бош акча каражаттарын 2026-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.
11. Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүнөн аз эмес жана 2 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленсин, 2026-жылга резервдик фондунун суммасы 1500,0 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык каржылансын.
12. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 500,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-май №68 “2025-2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Указынын негизинде 2026-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 570,0 миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-август №266 мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-май № 167 Указы жана №433 министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө жүргүзүлсүн штаттык бирдиктери мыйзам чегинде коюлсун.
15. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 4-декабрь 2025-жылдагы №778 токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
16. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2026-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
17. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүндө болгон дебитордук карыздары жана 2026-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №6, №7, №8 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
18. 2026-жылга Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына жана шаардын эс алуу багына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, куруучу-оңдоп түзөөчү, сантехник, айдоочу жана жүктөөчү үчүн 26 штаттык бирдик каралсын жана №9 тиркеменин негизинде бекитилсин.
19. 2026-жылга Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаарга кызмат көрсөтүүгө 2511-беренесине 7116,9 миң сом №10 тиркеменин негизинде бекитилсин.
20. 2026-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (№11 тиркемеге) ылайык бекитилсин.
21. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Сүлүктү-Белесс Резорт” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Сүлүктү Таразы” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги № 13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22.11.2024ж №711 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.09. 2009-ж. №566 “Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготкондугуна байланыштуу шаардык кеӊештин 04.02. 2010ж. №61 токтому жана токтом менен бекитилген тиркеме №1, №2 күчүн жоготту деп таанылсын .
24. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
25. Бюджеттик мекеме ишканалардын 2026-жылда колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 300,0 мин сомго чейин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
26. Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2026 -жылга 15 пайыздан кем эмес эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
27. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.