Загрузка документа…
Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 19-августундагы №164 токтомунун редакциясына ылайык
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы № 129
Суу-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби “ жөнүндө №502 токтомун талаптарын аткарууга алуу жана жайылтуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы №129 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:
1-пункт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө №502 токтому менен бекитилген жобосуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагында көмүү жайларын брондоонун наркы бир жайга жылына 5000 (беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
1. Токтомду аткарууга алуу жана жайылтуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |