Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы № 130
“Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү техникаларды Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө
“Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 15-декабрындагы №19-2-3/560 сандуу чыгыш катынынжанаСуу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9-февралындагы №49а сандуу чыгыш каттарынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү техникаларды Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |