Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 10-сессиясы
2026-жылдын 13-февралы № 4
Бирлик айыл аймагынын Моло айылындагы Моло жалпы билим берүү мектеби мекемесине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмери тарыхый инсан Барсбек каган ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 15.01.2026-жылдагы №08-2/105, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 16.01.2026-жылдагы №01-18/178, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 21.01.2026-жылдагы №01-16/142 жана Бирлик айыл өкмөтүнүн 04.02.2026-жылдагы №01-04/121 сандуу каттарын карап чыгып, социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Бирлик айыл аймагынын Моло айылындагы Моло жалпы билим берүү мектеби мекемесине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмери тарыхый инсан Барсбек каган ысымы ыйгарылсын.
2. Бирлик айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №14 сандуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы |
Н.Гафуров |