Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29 январы № 20
2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө
“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасын башкаруу органдарын даярдоо боюнча комплекттөө планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар:
1) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 2026-жылга Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык даярдоо пландарын иштеп чыксын;
2) 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык иш-чараларды уюштурсун;
3) пландарды ишке ашырууну тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тиешелүү жылга бекитилген штаттык санынын жана каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 54 “2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы №6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
1-тиркеме |