Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры № 115
Жергиликтүү бюджеттин эркин каражаты эсебинен (Каракол айылдык кеңешинин 31.01.2025-жылдагы № 30 токтому менен) Үч-Эмчек айылына жүгөрү чабуучу техника жана айыл чарба техникаларына керектүү тетиктерди сатып алууга бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жергиликтүү бюджеттин ашкан каражат эсебинен Үч-Эмчек айылына жүгөрү чабуучу техника жана айыл чарба техникаларына керектүү тетиктерди сатып алууга бөлүнгөн акча каржатынын жетишсиздигинен бөлүнгөн акча каражатын айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө каржылоо максатында багытын өзгөртүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылына жүгөрү чабуучу техника жана айыл чарба техникаларына керектүү тетиктерди сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнгөн 1 (млн) млн сом акча каражатынын багыты бюджеттин аткарылышынын 9 айлык жыйынтыгы менен өзгөртүлүп, айылдын төмөндөгү көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшалсын. Алар:
- Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебинин 1-этажын жасалгалоого жана акылдуу коңгуроо ортотууга 350 (үч жүз элүү) миң сом,
- Таштанды таштоочу жайды топурак менен жабууга жана жерин рекультивациялоого иштей турган айыл чарба техникаларынын күйүүчү майы жана кызмат корсөткөн акысы үчүн100,0 (жүз миң) сом,
- айылдагы Сейталиев Салыкул көчөсүнө орнотулган карагайларды электр чубалгылары менен камсыз кылууга 110 (жүз он миң) сом.
- Нур-Желеси бала бакчасынын актовый залын керектүү жабдуулар менен жабдууга 290,0 (эки жүз токсон миң) сом,
- Үч-Эмчек айылынын кире беришиндеги арканы ремонттоого жана жарыктандырууга 150,0 (жүз элүү миң) сом
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |